Биз менен байланышыңыз

ТИМде ардагер дипломаттар менен жолугушуу болуп өттү

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 442 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Ардагер дипломаттар министрлик жүргүзүп жаткан иштерге позитивдүү баасын берип, бир катар сунуштарды айтышкан.

Чыңгыз Айдарбеков жана жолугушуунун катышуучулары дипломатиялык кызматтын ардагери Нургазы Кемелбаевди 80 жылдык юбилейи менен куттукташты.

Жолугушууда Айдарбеков ардагерлердин өз убагында жасаган эмгектери, өлкөнүн дипломатиялык кызматынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ардагерлерге ыраазычылык билдирилди.

Министр иштин жыйынтыктары жана келерки жылы пландаштырылып жаткан иш-чаралар тууралуу кеп салды. Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алышышты..

Copyright © 2017 Maral FM