Биз менен байланышыңыз

Өкмөт каза болгон чек арачы Муминовдун үй-бүлөсүнө үй берди

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 1327 | 0

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган.

Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды.

Ушул жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминов октон курман болгон.

Мамлекет башчы тарабынан аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM