Биз менен байланышыңыз

Президент Казакстандын элине учактын кулашына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 613 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Казакстандын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм.

Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7.22де Алматы – Нур-Султан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунун алысыраак жерге кулап түшкөн. Учактын бортунда жалпы 100 адам, 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон.

Учак кырсыгында каза болгондордун саны 15 жеткени айтылууда. Казакстанда Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу эртең, 28-декабрь —  аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM