Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Абаны жакшыртуу багытында кандай иштер жасалууда?

Коом , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 1026 | 0

Бишкек шаарында абанын булганышы нормадан 2-2,5 эсеге жогору. Автоунаалардан чыккан түтүн зыяндуу заттардын 90 пайызын түзүп, абанын булгануусуна себеп болгон негизги факторлордун бири болуп келет. 26-декабрда Бишкекте абанын булгануусун азайтуу максатында тиешелүү органдардын катышуусунда жыйын уюштурулду. Анда абаны тазартуу багытында маршруттук каттамдагы кичи автобустардын санын кыскартып, жаратылыш газы менен жүрүүчү чоң автобустардын, ошондой эле троллейбус линияларынын санын көбөйтүү сунушталды.


Борбор калаада абанын булгануусуна негизинен көмүр, синтетикалык каражаттарды жагуу, траспорт каражаттарынан чыккан түтүн, таштанды жайы жана Бишкек Жылуулук электр борбору  себеп болууда. Маселен, өндүрүштөн чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 10%ды түзсө, автоунаалардан чыккан зыяндуу заттар дээрлик 90 пайызды түзүүдө. Ушундан улам Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги калаанын экологиясын жакшыртуу багытында 2018-2022-жылдарга карата комплекстүү иш-чаралардын планын бекиткен. Анын алкагында Бишкектин жаңы конуштарына жалпысынан 321 чакырым газ түтүктөрү тартылды. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Аязбек Кыдыргычев билдирди. Ал абаны таза кармоо үчүн жарандар көмүрдү аз колдонгондой шарт түзүү керектигин, ал үчүн электр энергиясына коюлган чекти алып салуу зарыл экенин белгиледи:

— Жыйында кыска, орто жана узак мөөнөттүк 33 пукттан турган маселелер каралган. Кыска мөөнөткө алынган иштердин басымдуу бөлүгү аткарылды. Алсак, Бишкек мэриясы тарабынан газ менен жүрүүчү 60 автобус жана 50 жаңы троллейбус сатылып алынды. Өлкөгө электр кыймылдаткычтуу, гибриддик автоунааларды ташып кирүүдө бажы алымдары төмөндөтүлдү. «Бишкек жылуулук энергиясы» коммуналдык ишканасына күн нуру менен суу жылыткычтарды орнотууга 11 300 000 сом каражат бөлүндү. Натыйжада, абаны булгоочу заттардын чыгуусун 240 тоннага азайтууга шарт түзүлдү. Мындан сырткары, 7 миңдей бак, 33 миңден ашуун жашыл тосмолор тигилди. Ошондой эле веложолдор курулууда. Кыргызгидрометке абанын булгануусуна байкоо жүргүзүүгө 2 мониторинг станциясын сатып алууга 38 млн сом бөлүү чечими кабыл алынды. Учурда тендер өткөрүү маселеси каралып жатат. Ал эми Бишкек ЖЭБи модернизациядан өткөн соң абаны булгоочу заттардын чыгуусу азайды. Анткени жаңы чыпкалагычтар зыяндуу заттарды 99% тазалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Бирок Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкулов электр жарыгына коюлган чекти алып салуу мүмкүн эмес экенин айтат. Анын себебин ал төмөнкүчө түшүндүрдү:

— Азыр кыш мезгили болгондуктан электр жабдуулардын жүктөм көтөрүүлөрү жогорку абалда. Мыйзамга ылайык, электр энергияга болгон чекти көтөрсөк, жалпы өлкө аймагы боюнча өзгөртүүгө туура келет. Анын үстүнө азыр суу аз мезгил. Эгерде чекти көтөрө турган болсок, кубаттуулукту башкарууда кооптуулук жаралат. Ушундай шарттар чекти көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Жеңил өнөр жай ишканалардан чыккан калдыктарды, унаа дөңгөлөктөрүн жагуу да абанын булгануусуна терс таасирин тийгизүүдө. Бишкек мэриясы жагууга тыюу салынган  каражаттарды колдонууга каршы рейд жүргүзүп жатат. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Бердибек Кыштообаев бүгүнкү күнгө карата 212 сауна жана мончо текшерүүгө алынганын кабарлады. Мындан сырткары, экологиялык маселелерди чечүү максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, жаңы курулуш куруучуларга имараттын айланасына бак тигип, унаа токтотуучу жай салуу милдети жүктөлүп жатканын кабарлады.

— 2021-жылы полигондун рекультивация иштери аяктайт. «Бишкекжылуулук» ишканасы тарабынан ЖЭБдердин абалын жакшыртуу максатында фильтрлерди коюу үчүн бир топ жумуш жасалып, электр жарыгын, газ пайдаланууга өткөрүлүүдө. 2020-жылга чейин 22 жаңы конушка көгүлтүр от киргизүү пландалууда. Быйыл 10 минден ашык бак тигилди. Эми 2020-жылы ондон ашык парк, скверлер салынат. 

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция абанын сапатын жакшыртуу максатында шаар бийлигине айрым завод, ишканаларды калаанын сыртына чыгаруу, экинчи ЖЭБди ишке киргизүү сыяктуу бир топ сунуштарды берген. Учурда мэрия бул боюнча тийиштүү иштерди жасап жатканын аталган инспекциянын Өндүрүш экологиясын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Расул Жусупов маалымдады.

— Фрунзе заводу, андан сырткары, Чыгыш өндүрүш аймагында да бир топ ишканалар бар. Аларды шаардын сыртына чыгаруу боюнча мэрияга сунуш киргизгенбиз. Экинчи ЖЭБ ишке кирип, газ менен иштей турган болсо, Бишкек ЖЭБи 6 миң тонна көмүр жагып калмак. Мындан сырткары, кичи автобустарды шаар сыртына чыгарып, газ менен жүрүүчү автобус, троллейбустарды сатып алуу сунуштары киргизилген. 

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Санитардык эпидемиологиялык станциясынын эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Алтай Төлөнбаев абанын булгануусу өтө жогорку деңгээлде эместинин, андыктан беткап тагынуунун зарылчылыгы жок экенин билдирди:

— Азыркы тапта беткап тагынуунун зарылчылыгы жок. Эгер таксаңыздар, аны 2 саатта алмаштырып туруу зарыл. Кир аба дем алуу органдарын сезгентип, бронхит, астма, өпкөнүн сезгенүүсү сыяктуу ооруларды козгойт. Ошондой эле кан-тамыр жана онкологиялык оорулууларга да таасирин тийгизет. Биз аталган дарттар боюнча акыркы 5 жылга анализ жүргүздүк. Кескин өсүш жок. Андыктан коркуп, ызы-чуу болуунун кажети жок. 

Эскерте кетсек, Бишкекте абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзөт. Анын 180 миң тоннасы автоунааларга тийииштүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM