Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Алыкулов — жылдын мыкты футболчусу

Кыска кабар , Спорт | 24 Дек 2019 | 878 | 0

Кечээ Кыргызстандын Футбол федерациясы жыл мыктыларын аныктаган FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында жалпы 9 номинацияда мыктыларды аныктап, сыйлыктарды тапшырды. Аземде футбол жана футзалдан “жылдын мыкты оюнчусу”, “жылдын мыкты машыктыруучусу” жана “жылдын мыкты калысы” номинациясы боюнча тандалды. Мындан сырткары “жылдын мыкты командасы”, “Жылдын мыкты аймактык ассоциациясы” боюнча мыктылар тандалды.

Жыйынтыгында беларустук “Неман” клубунун жана Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкуловмыкты футболчу”, Оштун “EREM” футзалдык клубунун жана кыргызстандын футзал курамасынын чабуулчусу Максат Алимовмыкты футзалчы” наамына татыктуу болушту.

Өлкөнүн Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу болуп “Дордой” клубунун жана улуттук кураманын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков табылды.

Дордой” клубунун жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана “EREM” футзалдык клубунун башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимовмыкты машыктыруучу” наамын алышты.

Сергей Грищенкомыкты футбол калысы” болсо, Нурдин Букуевмыкты футзал калыс” деп тандалды.

Кыргызстандын 15 жашка чейинки кыздар улуттук курамасыМыкты команда” болду.

Мыкты аймактык ассоциация” наамы Ысык-Көл облусуна ыйгарылды.

Аземде кыргызстандык белгилүү рефери Бахадыр Кочкаровго «Футбол доору» атайын сыйлыгы тапшырылды.

Ал эми Кыргызстандын улуттук командасына жан үрөп күйөрмандык кылып келген, Бишкекте ашпозчу болуп иштеген түркиялык Али Салих Ифлаз оглуна атайын сыйлык берилди.

Салтанаттуу аземге футбол адистери менен катар саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн өкүлдөрү да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM