Биз менен байланышыңыз

Журналист Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу 5 адам өлүм жазасына тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 881 | 0

Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин Стамбулда өлтүрүлүшүнө байланыштуу беш адамга өлүм жазасына өкүм чыкты. Мындай чечимди Эр-Рияд прокуратурасы чыгарды.

Ошондой эле, бул өлүмгө катыштыгы бар эки киши 24 жылга эркинен ажыратылды. Соттолгондордун аты аталган эмес.

Сауд Аравия ханзадасынын мурунку кеңешчиси Аль-Кахтани суракка алынып, бирок ага эч кандай айып тагылган эмес. Аль-Кахтани Хашоггинин өлүмүнөн соң дароо жумушунан алынган.

Сентябрдын соңунда бул өлкөнүн ханзадасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман Хашоггинин өлүмүнө жоопкерчилиги бар экенин билдирген. Анын пикиринде, бул окуяны болтурбай, көзөмөлдөшү керек болчу. Айтканына караганда, аты аталбаган чиновниктер ханзааданын байкоосунан сырт, өз алдынча аракеттерге барышкан.

Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашогини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун билдирген.

Ошондой эле, сот Саудия чалгынынын мурунку орун басарына карата да далилдүү негиз таба алган эмес. Ал да журналисттин өлүмүнөн соң ээлеген кызматынан бошотулган.


Жефф Безос Хашшогги тууралуу: «Мындай окуя эч кимдин башына келбесин»


Кошумчалай кетсек, «The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги өткөн жылдын 2-октябрында Стамбулдагы Сауд элчилигине керектүү документтерди алуу максатында барып, ошол бойдон кайра чыккан эмес. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Журналисттин өлүмүнө анын бир гана күчтүү журналист болгондугу эмес, Саудия бийлигинин сырларын, элчиликтердин иштерин мыкты билген тыңчылык тарабы көбүрөөк себеп болгонун эксперттер айтып келишет.


Журналисттин өлүмүнө бир жыл: Хашоггини кантип өлтүрүшкөн (стенограмма)

Copyright © 2017 Maral FM