Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабияда журналист Хашоггинин өлүмү боюнча акыркы өкүм чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 482 | 0

Сауд Арабиясында 2018-жылы октябрда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашоггинин иши боюнча акыркы өкүм чыкты. Бул тууралуу Al Arabia телеканалы билдирди.

Бул иш боюнча беш киши 20 жылга соттолду. Дагы үчөө 10 жылдан жаза алды. Алардын баары журналисттин өлүмүнө катышы бар деп табылды.

Быйыл май айында Хашоггинин үй-бүлөсү кылмышкерлерге ырайым берүүнү сураган. Падышачылыктын мыйзамдары боюнча мындай учурда күнөөлүүлөрдү өлүм жазасына тартууга болбойт.

Кошумчалай кетсек, «The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги өткөн жылдын 2-октябрында Стамбулдагы Сауд элчилигине керектүү документтерди алуу максатында барып, ошол бойдон кайра чыккан эмес. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Журналисттин өлүмүнө анын бир гана күчтүү журналист болгондугу эмес, Саудия бийлигинин сырларын, элчиликтердин иштерин мыкты билген тыңчылык тарабы көбүрөөк себеп болгонун эксперттер айтып келишет.

Былтыр октябрда Human Rights Watch укук коргоо уюму Хашоггинин өлүмү боюнча сот жараяны жабык өтүп жатканын сындап, бул эл аралык нормаларга туура келбестигин билдирген.

Июлдун башында Хашоггинин өлүмү боюнча сот Түркияда башталган. Анкара бул факт боюнча 20 адамга айып койгон жана алардын арасында Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси да бар экени айтылган.

2019-жылы сентябрдын соңунда бул өлкөнүн ханзадасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман Хашоггинин өлүмүнө жоопкерчилиги бар экенин билдирген. Анын пикиринде, бул окуяны болтурбай, көзөмөлдөшү керек болчу. Айтканына караганда, аты аталбаган чиновниктер ханзааданын байкоосунан сырт, өз алдынча аракеттерге барышкан.

Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашоггини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун билдирген.


Журналисттин өлүмүнө бир жыл: Хашоггини кантип өлтүрүшкөн (стенограмма)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM