Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Аш-Шура мажилисинин төрагасы менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 716 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Сауд Арабия Королдугундагы расмий иш сапарынын алкагында Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар туризм, инвестиция тартуу жаатында байланыштарды бекемдөө менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө тиешелүү мыйзамдык колдоону күчөтүү тууралуу сүйлөшүштү.

Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Сауд Арабия Королдугу менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, мамлекеттер аралык товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, соода жарманкелерин уюштуруу зарылчылыгы тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле Сауд Арабия өнүктүрүү фонду аркылуу инфраструктура, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргызстандан таза экологиялык азыктарды алууну сунуштады.

Өз кезегинде Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх Сауд Арабия Королдугу Кыргызстан менен калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдар экендигин билдирип, бул боюнча Королдун атайын тапшырмасы бар экенин маалымдады.

Саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууну көздөйбүз. Анын ичинен эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу жаатында кызыкдар авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, – деди.

Copyright © 2017 Maral FM