Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өлкөдө энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленүүдө

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 961 | 0

22-декабрь күнү — Энергетиктердин кесиптик майрамы болуп саналат. Буга байланыштуу бүгүн өлкөнүн айрым региондорунда энергетика тармагына эмгек сиңирген кызматкерлер сыйланып, белектер берилүүдө.

Бул күн энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет.

Кыргызстанда Энергетиктердин күнү Өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген.

Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Белорусия, Армения, Казакстан жана Украина белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM