Биз менен байланышыңыз

Сыргак Кенжебаев эки айга камалды

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 449 | 0

Алматыдагы аэропорттон кармалган жаран Сыргак Кенжебаев эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-декабрда чыгарды.

Сотко чейинки териштирүү иштери учурунда ишкер тергөө изоляторунда 2020-жылдын 20-февралына чейин кармалмакчы.

Сыргак Кенжебаев, 20-декабрда УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал ири көлөмдөгү акчага алдамчылык жасаган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, УКМКга Кытай Эл Республикасынын М.М. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаев анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 350 миң доллар акчасын алып алганын, ошондуктан ага карата чара көрүүнү талап кылган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Депутат Ширин Айтматова күйөөсүнүн кармалышын саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Copyright © 2017 Maral FM