Биз менен байланышыңыз

«Каратал-Жапырак» жаратылыш коругундагы фотокапканга түшкөн жапайы куштардын сүрөттөрү

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 866 | 0

Кыргызстанга жыл сайын жапайы келгин куштардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен билдиришти.

Учурда Кыргызстанда жапайы куштардын төрт жүздөн ашык түрү байырлап, алардын 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Ал куштардын 233 түрү өлкө аймагында уялайт.

«Каратал-Жапырак» жаратылыш коругундагы фотокапканга түшүп калган жапайы куштардын сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Белгилей кетсек, «Каратал-Жапырак» мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 36 миң 392,6 гектарды түзөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM