Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 625 | 0

19-декабрда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Бишкек шаарынан Кыргызстандын паспортун фиктивдүү колдонгондугу жана  жихадчы иш-чараларына катыштыгы бар делип, жана ошондой эле Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча 1981-жылы туулган чет өлкөнүн жараны Н.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган Н.Х. УКМКнын Тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM