Биз менен байланышыңыз

21-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 598 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: -2…….3°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: -3………2C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 1……..6°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: -2……..3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -13….-18…..күндүз: -3..……-8°C

21-декабрда Бишкекте күндүз кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4……-6°C, күндүзү 1………3°C.

Copyright © 2017 Maral FM