Биз менен байланышыңыз

Унааларды Бажылык таризден өткөрүү жайлары дем алышсыз иштөөгө өттү

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 451 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларынын иш убактылары узартылды. Бүгүн, 20-декабрдан тарта 31-декабрга дейре иш убактысы түнкү саат 24:00гө чейин уланат. Мындан сырткары, бул мезгил аралыгында жумуш дем алышсыз болот.

Мындай чечим “Түндүк-Чыгыш” бажысынын жана “Түндүк Темир-жол” бажысынын башчыларынын буйруктарына ылайык кабыл алынганын Бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

2019-жылдын 31-декабрь күнү өзү үчүн жеке жактар тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт. Бул кадам автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо максатын көздөйт.

Маалымат иретинде:

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот:

“Түндүк” Темир жол бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а.

Түндүк-Чыгыш бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, “РИОМ Авто” унаа базары.

Copyright © 2017 Maral FM