Биз менен байланышыңыз

2020-жылдан тарта никотин камтылган суюктуктарга акциз салыгы салынат

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 486 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн ысытылган тамекиси бар буюмдарга, картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктуктарга карата акциздик салыктын ставкалары колдонулаарын маалымдайт.

Салык кодексинин 287-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык акциздик товарлардын бул түрлөрүн өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга – 610 сом, электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга – 1 сом төлөшөт.

Мындан ары, 2021-жылдын ичинде ысытылуучу тамекинин 1 килограммы үчүн акциз салыгынын ставкасы 700 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктук үчүн 1,25 сом өлчөмүндө белгиленет. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү түрдө 800 сом жана 1,5 сом болот.

Жогоруда аталган акцизделчү товарларды өндүрүүчү же импорттоочу ишкер субъектилер мыйзамда белгиленген тартипте акциз салыгын төлөшү жана отчет бериши зарыл.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-июнундагы “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди.

Ушул жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин жогоруда көрсөтүлгөн товарларга акциз салыгы 0 сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM