Биз менен байланышыңыз

Бахтияр Дүйшөбеков: Бангладештиктер Роналдунукуна окшогон голумду көп сурашат

Блог , Спорт | 19 Дек 2019 | 1646 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков өзү ойноп жаткан Бангладештин “Башундара Кингс” клубу менен келишимин узартты.

Ал командасы менен Азия футбол конфедерация кубогуна ойноп, ийгилик жаратам деген максат менен ушундай кадам жасаган.

Бангладешти багындырган кыргыз футболчусу Бахтияр кантип “Бахти” деген атка конду, дал ушул өлкөнүн футболун тандаганынын себеби эмнеде? Бангладеш футболунун деңгээли, клубдун оюнчуга түзүп берген шарттары, чет өлкөлүктөр менен тилдик карым-катнашы, кийген бутсасы, жеген тамагы боюнча оюнчунун өзү менен маек курдук.


Бахтияр, эң оболу ушул командаң менен былтыр Бангладештин чемпиону болгонсуң, өлкө Кубогун уткан жеңишиң менен куттуктайм!

— Рахмат! Кайсыл эле спорт болбосун, спортчунун башкы максаты эле чемпиондук наамга жетүү да.

— Учурда ойноп жаткан Бангладештин “Башундара Кингс” клубу менен жаңы келишимге барганыңды уктук. Жаңы келишимди клубдун жетечилиги сунуштадыбы? Анда кандай жаңы жагдайлар бар, эмне талаптарды койдуң?

— Ооба, жаңы келишим түзүлдү. Клубдун президенти, машыктыруучулар былтыркы оюндарымды жактырышып, быйыл да ойноп бер деп суранышты. Менде башка да варианттарым бар болчу. Клуб сунуштаган келишимди ар тараптан таразаладым. Маянаны мурдагыдан көбөйтүп, менин көңүлүмө, купулума толо тургандай өлчөмдө белгилеп беришти. Айына канча берерин айта албайм, бирок мен үчүн жетиштүү сумма болду. Шарттарды дагы такташтык. Буюрса, бул клуб менен Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогуна ойнойм деген жакшы максаттар менен жаңы келишимге бардым.

— Келишимдин мөөнөтү канчага чейин?

— Бир сезонго түзүлдү.

— Келишимге барардан мурда үй-бүлөң, жакындарың менен кеңешсең керек. Сыр болбосо эң оболу кимге кайрылдың, кимден кеңеш сурадың? Негизи кеп-кеңеш берген, дайыма акылдашып турган адамың болсо керек?

— Көбүнчө өзүм эле чечем. Бирок, апамдан сурайм.

— Жаңы кадамдар, жеңиштер, жакшы ийгиликтер болсо биринчи апаңа сүйүнчүлөйт турбайсынбы?

— Апама сүйүнчүлөп, аны менен кеңешем.

— Ал сага №1 күйөрман экен да ээ?

— Ооба. Дайыма байланышып, дем-күч берген сөздөрүн айтып турат.

— Келишимдин шарттары, пункттары боюнча сөз кылсак болобу? Маселен, эң оболу маяна, сый акы, жашаганга ыңгайлуу турак жай, айдаганга унаа дегендей…

— Эми маянасы, сый акысы жакшы. Канча экени купуя бойдон калсын, бирок жакшы. Менин купулума толот, мен каалаган сумманы беришет. Турак жай берген, шарттары жакшы. Айдаганга Toyota Avensis унаа беришкен. Машыгууга, футболго байланыштуу иштердин баарына ошол унааны пайдаланам. Шаар ичинде кыргызча музыкаларды коюп алып айдайм. Командалаштарыма «Кара жоргону» коюп берем.

 

— Бахтияр негизи сен Бангладешке кантип келип калгансың?

— 2018-жылы октябрда Малайзиянын «Келантан» клубу менен келишимим бүткөн болчу. Ошондо “Башундара Кингс” клубунун агенттери мага чыгышып, клубга чакырышкан. Ошентип келип калгам.

“Башундара Кингс” клубу жаңы эле өлкөнүн премьер-лигасына чыккан болсо, жаңы команда болсо… Ал жогорку лигада кандай ойнойт? Ийгиликке жете алабы деген күмөн ойлор болгон жокпу? Эмне себептен дароо эле макул болгонсуң?

— Мен бул клубга келе электе эле машыктыруучулар, анда ойногон легионерлер тууралуу маалыматтарым бар болчу. Ар тараптан талдап чыккам. Ошон үчүн келишимге барган болчумун. Туура кадам жасаган экенмин, командага оомат берип, ошол эле жылы өлкөдө чемпион болдук, өлкөнүн Кубогун уттук.

— Бангладештин сен байкаган өзгөчөлүктөрү кандай?

— Эми бул жакта артыкча шарттар, өзгөчөлүктөр кайсылар болушу мүмкүн?.. Күн ысык. Кыш мезгили жок. Ушундай кыйынчылыктар бар. Бирок футболго жакшы шарттарды түзүп беришкен. Тамак-аш маселеси жакшы. Кемчилик жок. Ачуу жешет. Бирок өзүң айткан тамактарды жасап беришет.

— Тамак жөнүндө сөз кылып калдың… Эми кыргыз эмеспизби, этти, камыр оокат, беш бармакты жакшы көрөбүз. Өзүбүздүн улуттук тамак-аштарын сагынсаң керек?

— (Күлүп) Туура маселени айттыңыз. Эми команданын ашпозчулары мен айткандарды жасап беришет. Түшүндүрүп айтып жасатам. Эми кандай жасашкан күндө да кыргыздын тамагына окшобойт да. Ошондуктан бул жакка келатканда чучук, казы-карталарды камдап ала келем. Үйдөгүлөр жиберишет. Анан алар түгөнүп, улуттук тамактарды сагынып калганда бул жакта түрктөрдүн ресторандарына барам. Ал жакта кыргыз байкелер бар, ошолор менен жолугушуп түрктөрдүн тамактарынан даам татабыз.

— Дал ушул өлкөнү тандооң боюнча сурайын дегем да… Эл аралык футбол уюмунун (ФИФА) ноябрдагы жаңыланган рейтингинде Бангладеш 187-орунга жайгашты. Ошол эле маалда Кыргызстан курамасы 96-сапта турат. Ортодогу айырма Бангладеште футболдун деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу ылдыйда деп көрсөтүүдө.

— Эмнени сурайын дегениңизди түшүндүм. Бангладеш десе эле баары артта калган, футболдун деңгээли аябай эле төмөн деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Ооба, улуттук курамалардын деңгээли боюнча ошондой көрсөтүлүп жатат. Бирок бул жакта ички чемпионаттагы футболдун деңгээли ФИФА көрсөткөн маалыматтарга окшобойт. Бул жактын деңгээли башкача десем болот.

Маселен, жакында эле Азия футбол конфедерациясы жарыялаган клубдар арасындагы рейтинги чыкты. Кыргызстанга салыштырып айтайын, чөлкөмдө Кыргызстан 33-катарда турат, ал эми Бангладештин клубдары 25-сапта. Ар бир командада жок дегенде 5 легионер бар. Демөөрчүлөр мыкты футболчуларды командаларга тартууда. Бразилия, Япония, Түштүк Кореялык футболчулар келип ойноп жатышат.

Менин командамда Коста-Рика өлкөлөрүнөн келген футболчу бар, 2018-жылы Орусиянын жогорку лигасында ойногон. Аргентина өлкөлөрүнөн футболчулар менен чогуу ойнойм. Үч машыктыруучу, анын ичинде физикалык жактан даярдоочу башкы машыктыруучу Испаниянын Ла-Лигасында ойногон Малага клубунда иштеген машыктыруучулар. Мунун өзү деңгээлдин кандай экенин көрсөтүп турат десем болот. Бул өлкөдө ойноп тажрыйба топтоп, мындан жогорку лигаларга чыгууга болот деп ишенимдүү айта алам.

— Бахтияр, командадан машыктыруучудан тарта футболчуларга чейин ар кайсыл өлкөлөрдөн келген көп улуттун өкүлдөрү экенин айттың. Тил маселеси кандай болот? Өз ара байланыш-катышта кыйынчылыктар жаралбайбы? Негизи кайсыл тилде сүйлөшөсүңөр?

Англис тилинде сүйлөшөбүз. Мен 5 жылдан бери чет өлкөлөрдө: Беларуссия, Түркияда, Малайзиянын чемпионаттарында ойногом. Англис тилинде эркин баарлашып калгам. «Себаттан» билим алганмын. Анын үстүнө жаш кезде «Абдыш-Ата» футболдук академиясында бизге түрк, англис тилдерин окутушкан. Азыр «Себаттагы» мугалимдерим, «Абдыш-Ата» футбол академиясынын жетекчиси Советбек Сакебаев бул жагынан убагында мыкты шартарды түзүп берген экен деп ыраазы болуп калам.

Бангладештеги футболдо эсте калган, өзүң эң маанилүү деп кайсыл голуңду эсептейсиң? Ал эмнеси менен маанилүү?

— “Абахани Лимитед” клубуна алыскы аралыктан айып тобунан тосмонун (стенка) үстүнөн тээп киргизген голду өзүмдүн эң мыкты голум деп эсептейм. Беттештин 40-минуталары болчу. Менин командам, жогоруда айткандай премьер-лигада биринчи эле жылы ойноп жаткан да. Ошол эле маалда “Абахани Лимитед” клубу буга чейин премьер-лигада эки жыл удаасы менен чемпион болгон. Мындайча айтканда, аракеттеги чемпион болчу.  Өткөн жылы Чемпионатта алар менен тең-тең упай менен келе жатып, жеке беттеште утуп алдыга чыкканбыз.

Бир жагынан алыстан тебилип, кооз гол болгон. Дагы бир жагынан күчтүү атаандаштын дарбазасына киргизгеним, беттештеги жалгыз жана чечүүчү гол болгон. Анан күйөрмандар да дүйнөлүк футбол жылдыздарынын голуна окшоштуруп, аларга да аябай жаккан. Ошонусу менен маанилүү, баалуу деп эсептейм.

 

— Баса, ошол гол боюнча сөз кылалы. Бангладештин бир телеканалдагы сен катышкан берүүдө ал голду Криштиану Роналду киргизген голдорго салыштырган экен. Ошол боюнча айтып кетсең. Журналисттер ошондо эмнелерди сурашкан?

 

 

— Криштиану Роналдунукундай тептиң, кантип ошондой тебе аласың? Сен бул үчүн атайын машыгасыңбы?-деп сурашкан. «Күйөрмандар көчөдөн көрсө да учурашып, Криштиану Роналду тепкендей тээп киргизгенсиң дешип, кандай тептиң эле» деп сурай беришет.

— Негизи сен айып тобун ошондой тепкенге атайын машыгасыңбы?

— Ооба. Дайыма команданын жалпы машыгуусу бүткөндөн кийин атайын убакыт бөлүп, көп жолу кайталап тебем.

— Бангладеште футболдун популярдуулугу жогорубу?

— Бангладеште негизи футболго кызыгуу бир топ жакшы. Эл беттештерге көп келет . Маалымат каражаттарынан бат-бат берүүлөрдү уюштуруп чакырып турушат. Ар бир беттештен кийин телеканалдарга чакырышат. Жашаган жерибизге келип, маектерди уюштурушат.

— Кайсы багыттарда?

— Туулган жериң, өмүр баяның, футболго кантип катышып калгансың, канча жылдан бери машыгасың, кайсыл командаларда ойногондоруң тууралуу сурашат.

Мындан сырткары, шаардагы чоң-чоң соода борборлорунда жарнактар бар. Менин да сүрөтүмдү бир чоң соода жайына илип коюшкан.

— Бахтияр, футболдо, деги эле спортто, достор, жоролор арасында,  көпчүлүк учурда бири-бирин кыскартып айткан ысымдар менен атап алышат го. “Башундара Кингсте” сага ким деп кайрылышат?

— Бахти деп коюшат.

— Бахти, менин баамымда сен дайыма NIKE фирмасы тиккен бутса киесин? Мунун себеби эмнеде, же фирма менен келишим барбы?

— Фирма менен контракт жок. NIKE бутсасын атактуу фирманыкы болгон үчүн эмес, же кайсыл бир атактуу футболчуну туурап эмес, менин бутума жакшы отурганы, анан ойногонго ыңгайлуу болгону үчүн кием. Жеңил, жумшак, ушундай ыңгайлуулуктары бар. Буга чейин мен спорттук кийимдерди чыгарган бардык атактуу фирмалардын бутсаларын кийип көргөм. Анан ушуга токтолуп, көп жылдан бери кийем.

— Бахтияр келишимде сени “Кыргызстан улуттук курамасы оюнга чакырса, клуб токтоосуз жиберет” деген сыяктуу милдеттенме барбы?

— Сөзсүз да. Өлкөнүн желеги астында, улуттук командасына ойноо ар бир футболчунун көксөгөн максаты. Бул жагынан маселе жок. Кыргызстандын желегин желбиретип, татыктуу футболчу болом деп дайыма умтулуп келем.

— Бахтияр маегиңе чоң рахмат. Ийгилик!

P.S. Эскерте кетели, Бахтияр Дүйшөбеков “Башундара Кингс” командасында өткөн жылдан бери ойнойт. Былтыркы жылы ал командасы менен Бангладештин чемпионатын, өлкөнүн Эгемендик Кубогун утуп алган.

  

Бахтияр чемпионатта жана өлкө Кубогундагы оюндарда жалпысынан 10 гол киргизип, 14 голдук топ чыгарып берген.

Copyright © 2017 Maral FM