Connect with us

Аба ырайы: 20-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 647 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ошондой эле, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10… күндүз: 1…….6°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 2………7°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 2……..7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -2……..3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -14….-19…..күндүз: -3..……-8°C

20-декабрда Бишкекте түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8……-10°C, күндүзү 3………5°C.

Copyright © 2017 Maral FM