Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкекте автодром курат

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 426 | 0

2020-жылы Бишкекте автодром курулат. Аны Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) ишке ашырат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов айтканын жеринен кабарчыбыз билдирди.

Автодром башкалаанын батыш тарабына курулат. Ошондой эле , Алмаз Мамбетов эгерде долбоор ишин ийгиликтүү улантып кетсе, анда өлкөнүн башка аймактарына да мындай автодромдордун курулары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып өттү.

Автодром уникалдуу болот. Аны жасалма интеллект менен куруу пландалууда. Айдоочулук күбөлүк алууда тапшырылуучу сынактарда нускоочу (инструктор) болбойт. Камералар менен жабдылган унаа, ошондой эле, шаардын жолдоруна окшоштурулган аянтча болот. Ал жерлерге да камералар орнотулат, — деди Алмаз Мамбетов.

Ошондой эле, ал өлкөдөгү айдоочулукка үйрөтүүчү мектептердин рейтингин түзүүнү пландаганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM