Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоонун башчысы жасалма паспорттор качан чыгарылганын айтты

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 673 | 0

Кыргызстанда жасалма паспорттор жалпы жарандык паспорттор чыккан убакытта чыгарылган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов бүгүн билдирди. Ал эми азыркы учурда жасалма паспорт жасаганга жол берилбей тургандыгын:

2017-жылдан бери Кыргызстанда чип орнотулган паспорттор берилүүдө. Аны жасоого мүмкүн эмес. Ал эми жасалма паспорттор жалпы жарандык паспорттор берилген убакытта көп чыгарылган. Аларды да жаңылоого убакыт келди. Жалпы жарандык паспорттор  2005-жылдан бери өзгөртүлө элек. Алмаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. 2021-жылы биометрикалык жалпы жарандык паспорт берүү пландалууда, — деп түшүндүрдү.

Ошондой эле ал Мамлекеттик каттоо кызматында архив кызматы да бар экенин, кийинки жылы архивдер боюнча да иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM