Биз менен байланышыңыз

Төраганы кызматтан чакыртуу сунушталды. Маселе канчалык актуалдуу?

Саясат | 17 Дек 2019 | 873 | 0

“Жаңы жылдын алдында коом жана ар бир адам жаңыланууну каалайт.” Депутат Исхак Масалиев жаңы жыл алдында Парламент төрагасын жаңылоо сунушун жарыялады. Маалыматка ылайык, төрага Дастан Жумабековду Чакыртып алуу сунушу жакында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында каралат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматтан чакыртып алууну сунуштады. Ал сунушун “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын кароосуна жибергенин «Фейсбук» баракчасына жазды.

Жаңы жылдын алдында ар бир адам жагымдуу окуяларды, жашоонун жакшырышын тилейт. Жогорку Кеңеште биз кесиптештер менен өзүбүздүн төраганы шайлап жана кызматтан бошото алабыз. Мамлекеттин жогорку органы болгон парламенттин имиджи анын башчысынан, төрагадан көз каранды. Элдин сындап жатканы бул факт, — деп билдирген Масалиев.

Эл өкүлү муну менен катар азыркы төрага Дастанбек Жумабеков кызматка даяр эмес келгендигин айтып, бирок анын жаш экендигин эске алганда, алдыда үйрөнө турган көп жагдайлар бар экенин кошумчалаган.

Ошондой эле, төраганы чакыртып алуу сунушу учурда талкууланып жаткандыгын айтып, бул демилге колдоо табарынан үмүтү бар экендигин билдирген.

Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев “төраганы чакыртып алуу сунушу, кайсы маселенин негизинде көтөрүлгөнү белгилүү болбой туруп так жооп айта албайм”, — дейт. Деген менен ЖК анын ичинде Төрагага да сын айтылып жатканы туура деп эсептейт эл өкүлү.

-Коомчулук тараптан бир гана төрага эмес, жалпы жогорку кеңешке бир топ сындар айтылып жатат. Эми биздин башыбызда төрага тургандан кийин анын дарегине сын-пикир көбүрөөк айтылууда. Биз айтылган сындардын баарын кабыл алышыбыз керек. Ошондой эле, туура айтылган маселе болсо, оңдоп кетүүбүз зарыл. Азыркы төраганын жумушунда жеке мени ынандырган иштери, ошол эле учурда кемчиликтери да бар экенин айтар элем.

Айта кетсек, акыркы жолу парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын туура эмес айтып, бул боюнча анын дарегине социалдык тармакта бир топ сындар айтылган. Саясат талдоочу Марат Казакбаев спикерди чакыртып алуу ушундай маселеден улам айтылып жаткан болсо, анда “туура эмес”, — деп эсептейт. Себеби төрага саясий маселелерде өзүнүн милдетин тиешелүү деңгээлде аткарууда.

-Негизи, чакыртып алуу укугу бар. Бирок, менимче, чакыртып алууга себеп жок. Ооба, шаардын атын туура эмес айткан сыяктуу учурлары болууда. Бул боюнча кызматтан бошоткону, менимче, туура эмес. Азыркы төрага тиешелүү деңгээлде иш алып барууда. Жүйөлүү себеп болуп, такыр иштей албаган учурда төраганы чакыртып алуу маселесин көтөрсө болот. Бирок азыр андай болгон жок.

Ал эми УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов төраганы чакыртып алуу маселеси кеч көтөрүлгөнүн белгилейт. Себеби ЖК төрагасы Кыргызстандагы саясий маселелерде да өзүнүн пикирин так айтып, чечкиндүү кадамдарды жасай албай келет.

-Төраганы чакыртып алуу маселесин буга чейин эле көтөрүү керек эле. Азыр дагы кечигип калышты демекмин. Анткени ЖКнын аброюн түшүрүп жаткан, башкарып турган спикер болуп жатат. Чет мамлекетке барып сүйлөгөн сөздөрү, аткарган иштери менен сабатсыздыгыбызды жана маданиятыбыздын төмөн экендигин көрсөтүүдө. Мындан сырткары, Кыргызстанда болуп жаткан саясий маселелерде да так пикирин ачык билдирген жок. Жогорку Кеңештин иш-аракеттеринде да көмөгү жок, же ошону башкарып, нукка салган жери жок. 

“ЖК калган аз убактысын башка маанилүү маселелерге коротсо жакшы болмок. Себеби убакыт аз эле калды”. Мындай пикирин 5-чакырылыштын депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирген. Мамлекеттин экинчи жүзү, ЖКнын төрагасы адатта, кандай сапаттарга ээ болуусу керектиги боюнча ой бөлүштү:

-Төрага бул — мамлекеттин экинчи жүзү. Ал аябай билимдүү, дипломат, экономиканы жакшы түшүнгөн, юрист болушу керек. Мыйзамдарды жакшы билүүсү маанилүү. Мен башында, 2015-жылы “Абдылдаев же Текебаев төрага болсо татыктуу болмок” деп ойлочумун. Эми бул киши деле абдан аракет кылып жатат.

2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунунда орус тилинде сөз сүйлөп жана Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын туура эмес айтып элдин сынында калган. Мындан сырткары, журналисттерге патриоттук ыр окуп “Бир чийбес акын” аталган жайы да бар.

Copyright © 2017 Maral FM