Биз менен байланышыңыз

Спикер: Айылдык кеңештин депутатынан жогорку билимди талап кылууга каршымын

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 723 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керек деген талапка каршы. Мындай пикирин спикер бүгүн парламенттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Төрага айылда мындай талаптын кереги жок экенин, анткени айылдагы жогорку билимдүүлөрдүн баары шаарда же башка жерлерде иштеп, жашашат.

Айылдагы тың чыккан фермер, айдоочу же коомдук ишмер эмне үчүн депутат боло албасын? Аларды шайлоого катыштырбоо — алардын укугун чектегендик болуп калат. Мен буга каршымын , — деди спикер.

Бүгүн парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр талкууланууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар.

Copyright © 2017 Maral FM