Биз менен байланышыңыз

Төрага Жумабеков Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 506 | 0

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий иш сапардын алкагында Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жана курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А. Альфадли менен эки тараптуу жолугушуулар өтөрү күтүлүүдө.

Андан тышкары, парламенттик делегация Соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Ажнан Аль-Ажнан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Сауд Арабия Королдугундагы Кыргыз элчилигинин жаңы имаратына барышат.

Белгилей кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны Өкмөт өкүлдөрү менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев коштоп жүрөт.  

Copyright © 2017 Maral FM