Биз менен байланышыңыз

Парламент Аскаров менен Асрандиевдин талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 683 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-февралда өзгөчө кырдаалдар министрине Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап, жактырды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өкмөт башчы жаңы вице-премьер-министрге каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам, чек ара боюнча баардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык кооптуу аймакта орун алгандыктан, өзгөчө кырдаалдар жаатында көйгөйлүү маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаров сунушталууда», — деди ал.

«КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эске салсак,  Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министрлик кызматта, ал эми Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM