Биз менен байланышыңыз

Президент Сауд Арабиясынын Королу менен расмий жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 496 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарындагы Королдун  сарайында болду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен кечээ, 15-декабрда расмий визит менен Сауд Арабиясына келген.

Ардактуу кароол тизилип, Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын гимндери жаңырды. Сооронбай Жээнбеков жана Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштырылды.

Андан соң кеңири жана чакан курамда сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM