Биз менен байланышыңыз

Депутат Жаныбек Бакчиев УКМКдан сурактан чыкты

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 465 | 0

Жогорку Кенештин депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу билдирди.

Эки саатка созулган сурак «Бир бол» фракциясынын депутатынын Мамлекеттик каттоо кызматында иштеп тургандагы иштери боюнча жүргөн.

Жактоочу мындан башка маалыматтарды ачыктаган эмес.

Депутат УКМга суракка чакырылганын анын жактоочусу бүгүн билдирген болчу.


«Бир болчу» депутат Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка чакырылды


Эскерте кетели, Жаныбек Бакчиев 2011-жылы Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM