Биз менен байланышыңыз

«Бир болчу» депутат Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 539 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир бол» фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу ММКларга билдирген.

Азырынча эл өкүлү кайсыл кылмыш ишинин алкагында чакырылып жатканы айтыла элек. УКМК Бакчиевдин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп тургандагы ишмердиги боюнча сурак жүрүшү мүмкүн деген божомол айтылууда.

Жаныбек Бакчиев 2011-жылга чейин Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM