Биз менен байланышыңыз

Бокс: Азат Үсөналиев Дүйнө Кубогу мелдешинин «мыкты мушкери» наамына татыды (видео)

Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2019 | 996 | 0

Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин бокс боюнча 17-Дүйнө Кубогунда чемпион болгон кыргызстандык Азат Үсөналиев мелдештин “мыкты мушкери” наамына татыды.

Бул тууралуу Кыргызстандын бокс боюнча машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “Маралга” билдирди.

52 кг салмакта күч сынашкан Азат кечээ мелдештин финалында эквадорлук Луис Дельгадо’ну таза артыкчылык менен жеңип, чемпион болгон.

Уюштуруучулардын тандоосу менен Азат Үсөналиев “мыкты боксчу” деп табылган. 81 кило салмакта күч сынашкан Кыргызстандын дагы бир мушкери Эркин Адылбек уулу бул мелдештин коло байгесине татыган.

Ал эми жалпы командалык эсепте Кыргызстан курамасы Орусия жана Өзбекстандан кийинки байгелүү үчүнчү орунду камсыздашкан.

Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин 17-Дүйнө Кубогу мелдеши 10-14-декабрь күндөрү Орусиянын Белоярск шаарында өттү. Ага 26 мамлекеттин бокс чеберлери катышты.

Опубликовано Шайлообеком Атазовым Суббота, 14 декабря 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM