Биз менен байланышыңыз

Бокс: Азат Үсөналиевдин Дүйнө Кубогундагы жеңиши Кыргызстандын элине арналат (видео)

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2019 | 3906 | 0

Мушкер Азат Үсөналиевдин бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогундагы жеңиши Кыргызстандын элине арналат. Бул тууралуу жеринен Кыргызстандын бокс боюнча машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “Маралга” видеокайрылуу аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Азат Үсөналиев финалда атаандашы эквадорлук мушкер Луис Дельгадону толук артыкчылык менен утуп алды.

Эскерте кетсек, мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдеши Орусиянын Белоярск шаарында өттү. Ага 26 мамлекеттин булгаары мээлей чеберлери катышты.

Азат Үсөналиев 52 кило салмакта күч сынашкан мушкерлердин баарын жеңип, чемпион болуп, Кыргызстандын желегин Дүйнө чемпионатында желбиретти.

Copyright © 2017 Maral FM