Connect with us

Аба ырайы: түнкүсүн айрым аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 14 Дек 2019 | 628 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлаганадай, түнкүсүн Кыргызстандын айрым аймактарда кар жаайт.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышат деп болжолдонууда.

15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда   түнкүсүн -5…-10,  күндүз 0…-5

Таласта  түнкүсүн -6…-11,  күндүз -1…-6

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн 0…-5
күндүз 0… + 5

Ысык-Көл аймагында  түнкүсүн -3…-8,  күндүз -1…+4

Нарын дубанында  түнкүсүн -13…-18,  күндүз -2…-7

Бишкекте 15-декабрда түнкүсүн -6…- 8,  күндүз 0…-2.

Copyright © 2017 Maral FM