Биз менен байланышыңыз

Дубайдын Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 380 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Мажид Саиф Аль-Гурейрдин атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Кыргыз-эмират кызматташтыгын бекемдөө үчүн соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Артыкчылыктуу багыттар катары Сооронбай Жээнбеков эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү, соода-логистикалык борборлорду куруу, жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарбасы, азык-түлүк коопсуздугу, санариптештирүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү, тоо-кен өнөр жайы, туризм, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү атады.

Президент Сооронбай Жээнбеков тажрыйба алмашуу ар кандай биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызмат кыларына жана эки өлкөнүн жарандарына пайда алып келерине ишеним билдирди. Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасын Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр Президент Сооронбай Жээнбековдун визит менен келгенине кубанычта экенин белгиледи. Ал Дубай Соода-өнөр жай палатасынын Бакуда өкүлчүлүгү бар экенин жана тажрыйба алмашуу үчүн региондогу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мажид Саиф Аль-Гурейр Кыргызстандагы ыңгайлуу инвестициялык кырдаал жөнүндө маалыматы бар экенин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM