Биз менен байланышыңыз

Чек арадан 68 бодо мал, 38 жылкыны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 344 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарында  бир катар товарларды, ошондой эле ири мүйүздүү малды, жылкыны, азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

“Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан айдоочуларында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 68 баш ири мүйүздүү мал, ошондой эле 38 жылкыны алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунда 3 тонна гречка, 8,2 млн сом суммада 1,2 миң даана аккумулятор алып келе жаткан унаалар кармалган. Айдоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бул жерден импорттоочу салык органынын салыктык каттоо жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 107 миң 570 даана преформ алып өтүүгө аракет кылган, аны Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган.

«Чоң-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунан да ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү фактылары аныкталган. Анда коштоочу документтери жок 1 млн сомго 7,5 тонна жарык берүүчү секи, 44,9 тонна цемент алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.

“Ак Жол” постунан коштоочу документтери жок 15 кап ун жана 3 миң 250 даана пластмасса таңгактар менен унаалар кармалган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM