Биз менен байланышыңыз

“НАТОго Орусия менен Кытай душман эмес”

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 673 | 0

Франция президенти Эммануэль Макрон НАТОнун катарын ыдыратууга аракет кылып жатат. Макрон өзүнүн “НАТОнун мээси өлдү” деп айткан сөзүн туура деп эсептейт. Француз лидери бул тууралуу Париждеги прессконференцияда кезектеги чоң билдирүүсүн айтууга үлгүрдү. Анын пикири боюнча, Түндүкатлантикалык альянс Орусияга асылганын токтотуш керек. Француз өлкө башчысы Орусия менен Кытай эч качан Батыш менен НАТОго душман болбогондугун билдирип, альянс ишмердүүлүгүндө негизги багыттары менен акцентин өзгөртүүгө мезгилдин келип жеткенин баса белгиледи.

Эммануэль Макрон эмдиги жумада НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин Лондондо өтө турган юбилейлик саммитинде Орусиядан чочулаганды токтотуп, аны учурда коркунуч жаратып келген эл аралык терроризм менен күрөшүүгө алмаштырууга чакырат.

-Биздин душманыбыз Орусиябы же Кытайбы? НАТОнун бул өлкөлөрдү душман деп эсептегенге негизи барбы? Буларды душман деп эсептөө НАТОнун милдетине киреби? НАТО – коллективдүү коргонуу союзу. Биздин жалпы душманыбыз ким? Биздин жалпы кандай проблемаларыбыз бар? – деген суроолору менен Макрон Парижде өтүп жаткан прескконференцияда НАТОнун башкы секретары Йенсон Столтенбергди жарга такады.

Copyright © 2017 Maral FM