Биз менен байланышыңыз

Батукаев боюнча сот иши уланат

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 379 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук териштирүү уланат. 10-декабрга белгиленген отурум айыпталуучу Абдухалим Раимжановдун ооруп, келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө, 12-декабрга жылган болчу.

Азиз Батукаев 2013-жылы Нарында түрмөдө жаткан жеринен «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен бошотулуп, атайын коштоо менен “Манас” аэропортунан менчик учак менен Грозный шаарына учуп кеткен. Бул иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары саналууда.

Эске сала кетсек, ноябрдын соңунда Атамбаев Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагынан сотко алынып келинген. Анда Атамбаев кылмыш иши менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Атамбаев иш менен таанышуудан жана сот ишине катышуудан буга чейин баш тартып келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM