Биз менен байланышыңыз

«Президент иш сапарларына ишкерлерди ээрчитсе жакшы»

Күн чекит | 12 Дек 2019 | 1574 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-декабрда расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына барды. Анын алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда эки тараптуу жолугушуу пландалган. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Мындан тышкары, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, ири компанияларга барат. Андан кийин Жээнбековдун Сауд Аравиясына да барары пландалган. Буга байланыштуу биз Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн бүгүнкү күндөгү алакасы тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров менен маек курдук.

Марал: — Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын бүгүнкү күндөгү алакасы тууралуу айтып берсеңиз. Биз кайсы тармактар боюнча кызматташабыз? Президент Сооронбай Жээнбековдун бул мамлекеттерге жасаган расмий сапары эки тараптын мамилелерине кандай өзгөртүү киргизет? Деги эле бул сапардын мааниси канчалык?

Фархад Пакыров: — Жалпысынан алып караганда, Кыргызстан менен Араб өлкөлөрүнүн алакасы жакшы. Буга чейин да жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, расмий сапарлар уюштурулуп келген. Араб өлкөлөрү Кыргызстан үчүн эле эмес, бардык мамлекеттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө бай өлкө. Араб ишкерлеринин артынан чуркап, алар менен иштешүүгө көп өлкөлөр кызыктар болуп келишет.

Кыргызстан бүгүнкү күндө араб өлкөлөрүнөн туристтерди кабыл алып, экотуризм тармагына салым болуп жатат. Бирок араб инвесторлорун тартуу жагынан көрүлгөн аракеттер жетишсиз, мүмкүнчүлүктү колдоно албай жатабыз. Мисалы, ошол эле Ислам өлкөлөрүнүн уюму бар, бул дүйнөдөгү эң чоң мамлекеттердин башын бириктирген уюм. Анын алкагында да кызматташсак болмок. Бирок биз өлкөнү канчалык таанытып, инвестиция тартып жатабыз, маселе ушунда. Ушул күндөрдө араб өлкөлөрү менен биргеликте жасап жаткан ири инвестициялык долбоорлор жетишсиз.

Президенттик деңгээлдеги сапарларда да конкреттүү демилгелерди көтөрүп, форумдарда, жолугушууларда так айтуу керек. Анткени арабдар көбүрөөк келе башташты.

Марал: — Араб ишкерлери көбүнчө кайсы тармактарда кызматташууга кызыктар?

Фархад Пакыров: — Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер, ишкерлер көбүнчө Кыргызстандын жаратылышына, экологиясына кызыгышат. Ошол жактагы мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланышыбыз керек. Аларды кызыктырып, туризм, өндүрүш тармагына инвестиция тартуу керек. Мисалы, Азербайжан сыяктуу кээ бир өлкөлөр арабдардын тажрыйбасы менен таанышып, көп долбоорлорго инвестиция тартышкан. Биз дагы жумуш орундарын түзүп, экспортко чыгууда алардын потенциалын пайдалануубуз керек.

Марал: — Биз араб өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатабыз деп жатпайсызбы, биздин кемчилик эмнеде болуп жатат? Мурунку жылдарга салыштырмалуу алакабызда жылыштар барбы?

Фархад Пакыров:  — Мурунку жылдарга салыштырмалуу жылыштар бар. Негизинен, Кыргызстанды көп өлкөлөр тааныбайт. Биздин өлкө жетекчилери, тийиштүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөргө көбүрөөк чыгып, Кыргызстандын потенциалын таанытышыбыз керек. Биздеги туризм тармагында сезилерлик жыйынтыктар болду. Бирок конкреттүү бир долбоорду айтуу кыйын.

Кыргызстандын президенттик же өкмөттүк деңгээлдеги сапарларында ишкерлерди, бул чөйрөнүн өкүлдөрүн да аралаштырып, эки тараптуу жолушууларда, форумдарда мүмкүнчүлүк беришсе жакшы болмок. Себеби алар сүйлөшкөндү билет. Бүгүнкү күндө ишкерлерге көбүрөөк шарт түзүп берүү өлкө үчүн да пайдалуу болмок.

Copyright © 2017 Maral FM