Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын чечими парламенттин жалпы жыйынында каралат

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 612 | 0

Ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча окуяны иликтеген комиссиянын жыйыны бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, комитеттин бир добуштан колдоосу менен комиссиянын чечими Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына жиберилди.

Жогорку Кеңештин депутаты, коммиссиянын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров өз докладында билдиргендей, Кой-Таш айылындагы зыянга учураган үйлөр жана объектилер каралып чыкты. Ошондой эле окуянын түздөн-түз катышуучулары болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын окуя боюнча пикирин угууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби алар бир нече жолу чакырылгандыгына карабай, баш тартышты.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жалпысынан мамлекеттик комиссия тарабынан 11 мамлекеттик органга 42 суроо- талап жөнөтүлгөн. Бардыгы болуп комиссия 11 жыйын өткөргөн.

Эми бул документ парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM