Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын 5 жылдык бажы төлөмү 170 млрд сомго жеткирилет

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 569 | 0

Бажы кызматынын акыркы 5 жылда бюджетке кошкон бажы салымдарынын өлчөмү 170 миллиардга жетет. Бул маалымат бүгүн, 10-декабрда Бажы кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы бажы төлөмүнөн бюджетке 20 миллиард 800 миллион сом түшкөн. 2016-жылы 29 миллиард 300 миллион сом, 2017- жылы 34 миллиард 200 миллион сом, 2018-жылы 41 миллиард 700 миллион сом чегерилген.

Ал эми 2019-жылы Бажы кызматынын алдына 44 миллиард 700 миллион сом бажы төлөмүн камсыздоо милдети коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM