Биз менен байланышыңыз

Президент: Телерадио кызматкерлери өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатат

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 566 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8- декабрда телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, жалпы телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткандыгына токтолуп, аларга чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! 1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк жашообуздан бекем орун алды. Сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар,  — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, Кыргызстандын жаркын келечегин курууга багытталарына ишенимин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM