Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан жылуулуксуз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 1465 | 0

Өзбекстанда газ таңкыстыгы карапайым калкты түмөн түйшүккө салды. Бир кезде Кыргызстанды газ менен камсыз кылган Өзбекстанда учурда энергетикалык кризис күч алды. Соцтармактар Өзбекстандын булуң-бурчунан бери жардам сурап кайрылган аянычтуу жалбарууларга толду. Кээ бир региондордо түнкүсүн минус он беш градуска чейин сууук болуп, газ менен жылытылган үйлөрдүн бардыгынын жашоочулары үшүп-тоңуп, кыштын запкысын тартышууда. Ташкенттин тегерегиндеги райондордун бардыгында бир канча күндөн бери чай кайнатууга, тамак жасаганга газ жок. Мындай абалдан чыгуу үчүн эл электр колдонгучтарын: жылыткычтарды, кондиционерлерди, чайнек жана плиталарды саюуга туура келип жатат. Ушундан улам, электр энергиясына болгон талаптын өсүшүнөн электр түйүндөрү өрттөнүп, трансформатордук подстанцияларда авариялар улам-улам катталууда. Ушул себептерден улам өлкөдө электр жарыгы маал-маал өчүрүлүп жатат.

Газдын азабын тартып айласы кеткен Сырдарыянын жашоочулары жолду , бууп салышкан. Ал эми каракалпак жарандары жашаган айыл түп көтөрүлө массалык нааразычылыкка чыгышты. Өздөрүнүн айылынын тоңуп жаткандыгына бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында автоунаалардын покрышкаларын жолго жага башташкан. Өзбекстан ИИМи жана аткаминерлер элдин бул жоругун мыйзамсыз деп баалашып, уюштуруучуларды жоопко тартуу үчүн кармай башташты. Ар бир үй-бүлөдө нааразычылыктын алдын алыш үчүн 500 кгдан бекер көмүр, эки баллондон суюлтулган газ жана 10 кол арабадан отун таратылган.

Сырдарыя жана каракалпакстандыктардын соңунан нааразычылыкка жарыксыз жана газсыз отурган андижандыктар чыгышты.

Дем алыш күнү Фергана облусунун жашоочулары жолду жаап салышкан. Алар да бийликке ошол эле маселелерди чечип берүү талабын коюшкан.

Сырдарыя облусунун жана Каракалпакстан Республикасынын элди газ менен камсыздоого жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстан табигый газдын запасынын көптүгү боюнча дүйнөдө 11-орунду ээлейт. Республикада газ алгачкы жолу 1953-жылы Кызыл-Кумдагы Сеталан-Тепе деген жерден өндүрүлгөн. 2016-жылга чейин газ чыга турган 147 газ чыгуучу жерлер табылган. Алардын негизгилери – Шуртан, Зеварды, Кокдумалак, Алан, Адамташ.

Ошондой эле, Орто-Булак, Деңизкөл-Хаузак, Кандым жана Акунда газдын чоң кору бар. Газ чыгуучу жайлардын так санын айтуу кыйын, себеби алар улам өзгөрүлүп, жаңылары улам ачылып турат.

Газ өзбекстандагы энергияны биринчи булагы болуп эсептелет (анын үлүшү 80%ды түзөт). Нефти энергетикада 16%ды түзсө, калганын гидроэнергетика жана көмүр энергиясы камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM