Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк ТИМ башчылары 2020-жылга жолугушууларды уюштурууну макулдашты

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 532 | 0

Бүгүн, 5-декабрда Братислава шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин аянтчасында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгынын ар кандай багыттары талкууланды. Тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого ниетин билдирип, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

Тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашты, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду сактоону сүйлөшүштү. 2020-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарларды уюштуруу боюнча маселелерди макулдашышты.

Ушул жылдын 5-6-декабрында Словакияда, Братислава шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 26-жыйыны өтүп жатат. Жыйындын ишине Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган делегация катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM