Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдүн эки кызматкерин издөө иштери уланууда

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 545 | 0

Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда жеринде 92 куткаруучу жана 35 оор техника издөө иштерине тартылган. Альпинистер да издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер жер көчкү алдында калып, 1-декабрдан бери дайынсыз болууда. Учурда атайын түзүлгөн топ издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Тоо-кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM