Биз менен байланышыңыз

Футзал: Экинчи беттеште Кыргызстан Түркияны 8:3 эсебинде утту

Кыска кабар , Спорт | 5 Дек 2019 | 462 | 0

Кыргызстандын футзал курама командасы Түркия менен жолдоштук беттештин экинчисинде да жеңди. Бул ирет ири эсепте утушту. Эсеп 8:3. Беттеш кечээ Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өттү. Түрк футболчусу Кескин Цем беттештин 3-мүнөтүндө эсепти ачты. Биринчи бөлүк 3:2 эсебинде аяктады.

Экинчи бөлүктү Кыргызстандын футзалчылары ийгиликтүү баштап, оюн 8:3 менен жыйынтыкталды.

Дилшат Кадыров (5, 19) менен Юлдашбай Салимбаев (12, 29) экиден, Мирлан Жолдубаев (33), Нурсултан Абдылдаев (35), Шохрух Махмадаминов (40), Манас Абдрасул уулу (41) гол киргизишти.

Ал эми коноктордон Кескин Цем (3, 28), Менги (13) айырмаланышты.

Мурдагы күнкү биринчи беттеште Кыргызстан курамасы 5:3 эсебинде утуп алган.


Футзал: Кыргызстан Түркияны жолдоштук беттеште утту


Командалар алдын ала макулдашуу боюнча 25 мүнөттөн эки таймдан ойношту. Мындай форматтагы оюн көп футболчуларды оюнга чыгарып сыноого мүмкүнчүлүк берерин машыктыруучулар айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM