Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстан Түркияны жолдоштук беттеште утту

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2019 | 497 | 0

Бүгүн Бишкекте футзал боюнча Кыргызстан менен Түркия курамаларынын экинчи жолдоштук беттешүүсү болот.

Кечээ Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн биринчи беттеште Кыргызстан курамасы 5:3 эсебинде утуп алды. Кыргызстандыктардан Максат Алимов 2 гол, Мирлан Жолдубаев, Дильшат Кадыров жана Юлдашбой Салимбаев бирден топ киргизишти.

Бүгүн 4 декабрда командалар экинчи оюнду өткөрүшөт. Беттеш 20:00дө башталат.

Командалар алдын ала макулдашуу боюнча 25 мүнөттөн эки тайм ойношту. Мындай форматтагы оюн көп футболчуларды оюнга чыгарып сыноого мүмкүнчүлүк берерин Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM