Биз менен байланышыңыз

Президент: “Манас” эпосу — тарыхыбыздын, Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 689 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды.

Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы “Манас“ эпосун кыргыз элинин кылымдар бою муундан-муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрүнүн туу чокусу, журтубуздун сыймыгы деп белгиледи.

„Манас“ эпосу — байыркы элибиздин жашоо-турмушунун, каада-салтынын, тарыхынын энциклопедиясы жана дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. “Манас” эпосу жалпы адамзаттын маданий мурасы катары таанылып, дүйнөлүк адабият эстеликтеринин тизмесинен өзүнүн татыктуу ордун ээледи, – деди Жээнбеков.

Ата-бабаларыбыз көчмөндүк жашоонун, аскердик турмуштун катаал шарттарына карабай, азыркы заманга чейин жеткирген эпикалык мурасты дүйнө коомчулугу тааныды.

Ар бир кыргыз баласы „Манасты“ жүрөгүндө сактап, ошол тарыхты аздектеп жашап келгени үчүн көчмөн кыргыз дүйнө калкынын катарында түптүү журт бойдон сакталып калган, — дейт президент.

Сооронбай Жээнбеков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерип, „Манас“ эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга, эпосту дүйнөгө таанытууга эбегейсиз эмгек кылып, өзгөчө салым кошкону тууралуу:

Манас” эпосу — тарыхыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жакынкы жылдары жасай турган маанилүү милдеттер катары президент „Манас“ эпосун системалуу жана фундаменталдуу изилдөөгө көңүл бурууну белгиледи.

Президент Кыргызстанда Манас изилдөөчүлөрдүн эл аралык форумун өткөрүүнү сунуштады. Аны уюштуруу иштерине өлкөбүздөгү тиешелүү министрликтер, Улуттук Илимдер академиясы, Манас жана Айтматов академиясы активдүү катышарын, мындай демилгени президенттик аппарат да колдоорун белгиледи.

Манасчылык өнөр Жараткандын амири менен өзгөчө гана инсандарга буйрулат экен, аларды колдоо керек. Манасчыларыбыз кайталангыс өнөрү, Жараткан берген таланты менен тарыхыбыз менен бүгүнкү учурубузду бириктирген көпүрө болуп келишет, — деди өлкө башчысы.

Президент Жээнбеков жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элинин аң-сезимин руханий асылдуулукка сугарууга жан үрөп, көкүрөк үнүн жеткиргенин баса белгилеп, Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүн, философиясын изилдеген Айтматов изилдөөчүлөрдүн форумдарын уюштуруп, туруктуу негизде иш алып баруу керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM