Биз менен байланышыңыз

«Орусияда Кыргызстандын паспорттору өзбек жарандарына ачык эле сатылат»

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 627 | 0

Орусияда өзбек жарандарына Кыргызстандын паспорттору ачык эле сатылат. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева бүгүн Жогорку Кеӊеште “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканын айтты.

Ал жакында Орусияга барганын, ал жерде өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканына өзү күбө болгонун билдирди.

Текшерип көрдүк, алар жасалма эмес. Эмнегедир көбү Сузак районунан берилген паспорттор болуп чыгууда. Буга бөгөт коюп, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караш керек, — деди депутат айым.

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM