Биз менен байланышыңыз

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 2 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 705 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Президентке караштуу Билим берүү фондунан Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн эки миллион үч жүз миң сом бөлүп берди.

Мындай чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инсандык сапаттарын өркүндөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жана демилгелерди колдоо максатында кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорундагы 23 коомдук мекемеге ар бирине 100 миң сомдон каражат бөлүндү.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык региондорундагы интернаттарга альтернативдүү социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарга акча каражаты биринчи жолу бөлүнүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM