Биз менен байланышыңыз

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жарандар кармалды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 396 | 0

«Достук-унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетинде чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматын белгилешкендей, алар паспорт көзөмөлүнөн тышкары өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн бузуп, чыгуу визасы жок өткөрмө пункттан өтүп кетүүгө аракет жасашкан.

Тиешелүү документтер толтурулган кийин алар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM