Биз менен байланышыңыз

Кийинки Консультативдик жолугушуу Кыргызстанда өтөт

Кыска кабар | 30 Ноя 2019 | 590 | 0

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки, үчүнчү Консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда, Ташкент шаарында өткөн экинчи Консультативдик жолугушууда билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков мамлекет башчылары ишенимдүү маанайда аймактык кызматташтык маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалог жүргүзгөнүн белгилеген.

Мындай аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейм. Буга байланыштуу кийинки Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даярдык билдирем, — деп президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Copyright © 2017 Maral FM