Биз менен байланышыңыз

Иракта бир күндө 40 демонстрант каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 760 | 0

Ирактын түштүгүндө жана Багдад шаарында күч түзүмдөрүнүн аракетинен улам 40 демонстрант каза болду. Бул тууралуу анонимдүүлүк шарты менен маалымат берген коргоо кызматкерлеринин өкүлдөрүнө шилтеме жасап Associated Press агенттиги жазды.

Агенттиктин жазганына караганда, Ирактын Наджаф шаарында ирандык консулдукту өрттөгөн соң 36 демонстрант өлтүрүлүп, 245и жарадар болгон. Борбор шаарда дагы 4 жаран атылган октон каза болуп, 22си жаракат алган.

Ирактагы нааразычылык акциялары 1-октябрда башталып, андан бери 350дөн ашык адам каза болуп,миңдегени ар кандай түрдө жарадар болгон.

Демонстранттар алгач мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Ирактын премьер-минстри Адел Абдель Махди бийликтеги тиешелүү адамдарды жаңылап, социалдык тармакта реформа жасоого сөз берген. Бирок нааразычылык акциясынын катышуучулары митингди токтотушкан эмес жана нааразычылыкка өкмөт башчы жетектеген бийлик кызматкерлерин жалпы отставкага кетирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талабын кошушкан.

Copyright © 2017 Maral FM