Биз менен байланышыңыз

Казакстандык “Астана” Англиянын “Манчестер Юнайтед” клубун утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2019 | 774 | 0

Казакстандык “Астана” футболдук клубу Англиянын айтылуу “Манчестер Юнайтед” командасын утуп алды. Оюн 2:1 эсебинде аяктап, талаа ээлери сенсация жаратты.

Европа футбол уюмунун Европа Лигасы мелдешинин тайпалык этабынын 5-турунда командалар кечээ “Нур-Султан” шаарында беттешти.

Беттештеги эсепти коноктордон Жесси Лингард 10-мүнөттө ачып, командасын алга сүрөдү. Беттештин экинчи бөлүгүнүн башталышында казакстандык клубдун оюнчусу Дмитрий Шамко гол киргизип, эсепти теңеди.

Беттештин 65-мүнөтүндө манкуньяндык коргоочу Дишон Бернард астаналыктардын чабуулун кайтарып жатып, өз дарбазасына гол киргизип алды. “Астана” муну менен 2:1 эсепте алдыга чыкты.

Манчестер Юнайтед дүйнөдөгү эң кымбат 10 клубдун катарына кирет. Команда бир канча жолу Чемпиондор Лигасын, Европа Лигасы мелдештерин уткан.

Copyright © 2017 Maral FM