Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун жыйынын чагылдырууга 260тан ашык чет өлкөлүк журналисттер келди

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 574 | 0

Бүгүн Бишкекте өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюумунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынын чагылдыруу үчүн 260тан ашуун жергиликтүү жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитациядан өтүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, учурда жыйынды чагылдыруу үчүн журналисттер даярдыктарды көрүшүүдө.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында аймактык жана эл аралык коопсуздук, аскердик экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM